Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарынын борбордук базарынын соодагерлерине бекер ККМ берилип жатат

Жалпысынан кайрылган 500дөн ашык ишкерлерге кассалык аппараттар берилет

Ош шаарынын борбордук базарынын соодагерлерине кассалык аппараттар бекер берилип жатат. Бул тууралуу шаардык мэриянын басма сөз кызматы билдирди.

Белгиленгендей, жалпысынан арыз берген 500дөн ашык базардын соодагерлери кассалык аппараттарды алышат.

Акыркы күндөрү шаардын башка базарларында соода кылгандар 100дөн ашык кассалык аппараттарды бекер алышкан. Учурда Ош шаарында аппараттарга жалпы муктаждык 3211 даана экени белгилүү, бирок бул көрсөткүч тынымсыз өсүүдө.

 

Сүрөт мэриянын басма сөз кызматынан

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх