Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарында «электромуравей» чыгаруучу завод ачылат

Долбоорду кытайлык компания ишке ашырууда

Июнь айынын аягына чейин Нарын шаарында эки жана үч дөңгөлөктүү электр мотоциклдерин («электромуравей») жыйноочу завод ишке кирет. Бул тууралуу ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк билдирди.

Долбоорду кытайлык “Sigang Xinjiang Guoji Maoi” компаниясы ишке ашырары белгиленген. Завод Нарын эркин экономикалык аймагынын субъекти катары каттоодон өтүп, Ат-Башы районунун Кара-Булак тилкесиндеги логистикалык борбордун аймагында жайгашат.

«20-июнга чейин жабдууларга сырье Кытайдан алынып келинип, уюштуруу иштери жүргүзүлүп, июнь айынын аягына чейин ишкана ишке киргизилет. Жаңы завод жергиликтүү тургундарды кошумча жумуш орундары менен камсыздайт, бул иш менен камсыз кылууну жана аймактын бакубаттуулугун бир топ жогорулатат», - деп билдирди ыйгарым укуктуу өкүлчүлүк.

 Сүрөт ыйгарым укуктуу өкүлчүлүктүн басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх