Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Базардын ишкерлерин текшерүүгө мораторий 2025-жылдын 1-январына чейин узартылды

ЭТТК колдонбогон соодагерлерге айып салынбайт

Мекеменин басма сөз кызматы 12-июнда кабарлагандай, базарларда салыктык текшерүүлөрдү жүргүзүү 1-январга чейин токтотулат. Бул электрондук товардык-транспорттук коштомо кагаздарды (ЭТТК) колдонбогон соодагерлер үчүн да тиешелүү.

"Жаңы жылга чейин Салык кызматы текшерүүлөрдү жүргүзбөйт жана ЭТТК колдонбогондугу үчүн административдик айыптарды салбайт", деп жазылган маалыматта.

Салык кызматы базарларда жана кичи базарларда чекене соода жүргүзгөн ишкерлер үчүн ЭТТКны колдонуу жөнөкөйлөштүрүлгөнүн эскертүүдө. Ага ылайык, соодагерлер товарлардын киреше-чыгашасын эсептөөдөн бошотулат. Товарды дүң сатып алуу үчүн ЭТТК системасына катталуу жалгыз талап деп билдирди мекеме.

Бишкектеги бир катар базарларда иштеген соодагерлер ЭТТК жана электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) колдонууга каршылыгын билдирип, 12-июнда Бишкектеги Максим Горький атындагы бакчага нааразылык акцияга чыгышты. Алардын айрымдары көзөмөл-кассалык машиналарды (ККМ) да колдонууга каршы экенин айтып, патент системасын калтырууну талап кылышты.

Акцияга чыккандар менен Мамлекеттик салык кызматынын кызматкерлери жолугуп, түшүндүрүү иштерин жүргүзүүдө.

Ушундай эле нааразылык 10-11-июнь күндөрү да болгон.

Президент Садыр Жапаров 6-июнда ишкерлер менен көзөмөл-кассалык машинаны (ККМ), электрондук коштомо кагазды (ЭТТК), электрондук эсеп-фактураны (ЭЭФ) киргизүү жана колдонуу маселелери боюнча жолугушуу өткөргөн. Мамлекет башчы салык органдарынын кызматтарын санариптештирүү көмүскө экономиканы азайтууга, мамлекет менен ишкерлердин ортосундагы ишенимди бекемдөөгө жана өлкөдөгү инвестициялык климатты жакшыртууга багытталганын айткан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх