Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

«Ысык-Ата-1» кичи ГЭСинин ишке киргизүү аземи болду

ГЭСтин кубаттуулугу 2 МВт

Акылбек Жапаров Чүй облусунда кубаттуулугу 2 МВт болгон “Ысык-Ата-1” кичи ГЭСинин ачылуу аземине жана ишке киргизилишине катышты.

«Бул кичи ГЭСтин ишке кириши менен президент Садыр Нургожоевич Жапаровдун жарлыгын ишке ашырып жатабыз. Кошумчалай кетсек, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгынын алкагында республика боюнча 100 ишкана, анын ичинде бул кичи ГЭС ачылат. Жакынкы жылдарда биздин өлкөдө ондогон гидроэлектростанциялар, күн жана шамал станциялары курулат. Биз кылымдын курулушун – Камбар-Ата ГЭС-1ди баштадык ошондой эле Кытай-Кыргызстан-Өзбекстан темир жолунун курулушу да башталат, Шанхайдан Парижге эң кыска жол болот”, - деди ал.

 

 

Министрлер кабинетинин башчысы бул кичи ГЭСтин ачылышы мамлекеттин жана жеке сектордун өлкөнүн энергетикалык инфраструктурасын жакшыртууга багытталган биргелешкен аракетинин натыйжасы экенин белгиледи.

Сүрөт министрлер кабинетинин басма сөз кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх