Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте Манас проспектисинин боюна асма жол салынышы мүмкүн

Курулуш швейцариялык компания тарабынан жүргүзүлөт

Бишкек шаардык мэриясы Манас проспектисинин боюна асма жол куруу маселесин карап жатат. Бул тууралуу бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында борбор калаанын мэри Айбек Жунушалиев билдирди.

Анын айтымында, асма жолдун узундугу 6 чакырымды түзөт - Жибек Жолу проспектисинен Түштүк магистралына чейин. Ал күнүнө 50 миңден 100 миңге чейин адамды ташый алат.

Жунушалиев долбоордун техникалык-экономикалык негиздемеси даярдалып жатканын белгиледи. Келишимге швейцариялык компания менен кол коюлган.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх