Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда 1,5 миллиард долларлык документтерге кол коюлду

Жалпысынан түрдүү тармактарда 40тан ашык эки тараптуу документтерге кол коюлду

Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун (КЭР СУАР) Үрүмчү шаарында өткөрүлгөн “Кытай-Евразия ЭКСПО” алкагында Кыргыз Республикасынын жана Кытай Эл Республикасынын мамлекеттик органдарынын, ошондой эле бизнес-коомчулугунун ортосунда 40тан ашуун документке кол коюлду.

Кол коюу аземинде сөз сүйлөгөн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасынын орун басары – Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министри Бакыт Төрөбаев эки өлкөнүн экономикасына салым кошкон ишкерлер үчүн Кыргызстан ыңгайлуу шарттарды түзүүнүн үстүндө иш алып барууну дайым улантаарын билдирди.

Белгилей кетсек, кол коюу аземине Кыргызстан менен Кытайдын ортосундагы биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга кызыктар ишкерлер катышты.

Алар өз тармактары боюнча B2B форматында да жолугушууларды өткөрүп, аны менен бирге далилдүү сунуштарды жана инвестициялык долбоорлорду карап чыгышты.

“Кытай-Евразия ЭКСПО” жыйынтыгында Кыргызстан менен Кытайдын ортосунда энергетика, машина куроо, логистика, соода жүгүртүү, тоо-кен, кызматташуу сыяктуу жана башка тармактарындагы 40тан ашуун эки тараптуу документке кол коюлду, анын ичиндеги документтердин суммасы 1 млрд 500 млн доллар.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх