Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Дүйнөлүк банк КР Саламаттыкты сактоо министрлигине 30 млн доллар бөлөт

Каражат алгачкы медициналык жардамды жакшыртууга жумшалат

Дүйнөлүк банк Кыргыз Республикасынын Саламаттык сактоо министрлигине баштапкы медициналык-санитардык жардамды жакшыртуу үчүн 30 миллион доллар бөлөт.

Министрликтин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган башкармалыктын башчысы Алымкадыр Бейшеналиев менен Дүйнөлүк банктын жетекчилигинин тобунун жолугушуусу болду.

Жыйындын жүрүшүндө «Башкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасын» ишке ашыруунун алкагында 2024-жылдын экинчи кварталында 8 миллион доллар өлчөмүндө жана ал аяктаганга чейин дагы 22 миллион доллар өлчөмүндө каражат алынаары белгилүү болду.

Ошондой эле техникалык жардам жана баштапкы медициналык-санитардык жардам көрсөтүүчү саламаттыкты сактоо уюмдары үчүн өтө зарыл болгон товарларды сатып алуу үчүн жалпы бюджети 11,45 миллион долларды түзгөн кошумча гранттык каржылоого кол коюу зарылдыгы талкууланууда.

Маалымат үчүн: “Баштапкы медициналык-санитардык жардамдын сапатын жогорулатуу программасы” 2020-жылдан бери ишке ашырылып келет. Анын алкагында саламаттыкты сактоо уюмдарынын медициналык тейлөөнүн сапаты жана иштеген жеринде квалификациясын жогорулатуунун көрсөткүчтөрү боюнча маалыматтарды чогултуу жана отчеттуулук үчүн Улуттук электрондук платформалар түзүлдү. 53 ден ашык саламаттык сактоо уюмдарына лабораториялык жабдуулар сатылып алынган. Кайра даярдоо жана квалификацияны жогорулатуу боюнча Кыргыз мамлекеттик медициналык институтуна симуляциялык жабдуулар сатылып алынды.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх