Кыргызстандан Россияга коон жана дарбыз экспорттоло баштады
Бүгүнкү күндө 700 га жерден түшүм жыйналып, жалпы дүң жыйым 17500 тоннаны түздү
Кыргызстандан Россияга коон жана дарбыз экспорттоло баштады. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жай министрлигинен билдиришти.
Маалымакта ылайык, Жалал-Абад облусунун Аксы районунда жалпы 2242 га аянтка бакча өсүмдүгү, анын ичинен 1991 га дарбыз, 251 га коон эгилген.
Бүгүнкү күндө 700 га жерден түшүм жыйналып, жалпы дүң жыйым 17500 тоннаны түздү. Анын ичинен 15929 тонна дарбыз, 1571 тонна коон жыйналды.
Учурда Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги тарабынан дыйкандарга түшүмүн Россия жана Казакстандын базарларында сатууга көмөк көрсөтүлүп жатат.