Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Чүй облусунда эки жаңы завод курулат

Сокулук жана Кара-Балта шаарларында ишканалар курулат

Чүй облусунда эки жаңы завод курулат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдирди.

Анын айтымында, бир күн мурун министрлер кабинетинин кезектеги жыйынында мөмө-жемиштерди кайра иштетүүчү цех куруу үчүн Чүй облусунун Сокулук районундагы 1,5 гектар жердин категориясын өзгөртүү чечими кабыл алынган. Бул долбоор 250 жаңы жумуш орундарын түзөт.

Мындан тышкары, министрлер кабинети Чүй облусунун Кара-Балта шаарында «Полиэстер жана лайкра кездемесин чыгаруучу заводду куруу» инвестициялык долбоорун жактырды. Долбоор Zilan Eversun Textile компаниясы менен биргеликте ишке ашырылат.

Сүрөт: www

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх