Экономика министринин орун басары өлкөдө быйыл 1000 унаа чыгарыларын айтты
Өзбекстандын "Узавтосаноат" ишканасы заводго технологиялык жабдууларды берди
Өлкөдө быйыл 1000 унаа чыгарылат. Бул тууралуу Экономика жана коммерция министринин орун басары Айнура Үсөнбекова Чүй облусундагы TULPAR MOTORS унаа чогултуучу заводунун ачылышында билдирди.
Анын айтымында, ишкана 3 этап менен ишке кирет. "Учурда ишкана 10 миң унаа чыгарууга даяр. Жылдын аягына чейин 1000ди чыгаруу пландалууда. Жалпы унаанын 20 үлгүсү чыгат. 1-этапта 6 үлгү чыгаруу каралган. 3ү жеңил унаага тиешелүү болсо, 3ү жүк ташуучу унаага тиешелүү", - деди Үсөнбекова.
Министрдин орун басары долбоорду ишке ашырууга жалпы 50 миллион доллар инвестиция каралганын, 1-этапка 10 миллион доллар бөлүнгөнүн белгиледи.
"Өзбекстандын "Узавтосаноат" ишканасы заводго технологиялык жабдууларды берди. Ал эми инвестициялык каржы жалпы өзүбүздүн ички инвесторлор тарабынан каржыланды", - деди ал.
Белгилей кетсек, кечээ аталган заводдун ачылышына президент Садыр Жапаров менен Өзбекстан мамлекетинин башчысы Шавкат Мирзиёев Ташкент шаарынан видеобайланыш аркылуу катышышкан.