Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын алдына бир катар милдеттерди койду

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын I жарым жылдыгынын жыйынтыгын чыгарган коллегиясын катышты

Жыйында министрлер кабинетинин төрагасы фискалдык органдын алдына төмөндөгүдөй бир катар милдеттерди койду:

- салыктарды ашыкча төлөнгөн салыктын суммасын азайтып жана салык карызы (недоимка) боюнча иш чараларды күчөтүш керек;
- социалдык-экономикалык чөйрөдөгү маселелерди ийгиликтүү чечүү үчүн зарыл болгон көлөмдө салыктарды, камсыздандыруу төгүмдөрүн чогултууну камсыз кылуу зарыл;
- салык жол-жоболорун фискалдаштыруунун бардык элементтерин толук жана сапаттуу ишке киргизүүнү аяктап көмүскө экономиканы азайтып жана контрабандалык продукцияны ташып келүүгө каршы күрөшүү;
- салык төлөөчүлөрдү натыйжалуу жана сапаттуу тейлөө үчүн Салык кызматынын системаларынын ылдамдыгын жана өндүрүмдүүлүгүн жакшыртууга багытталган IT-инфрастүзүмдөрүн өркүндөтүү;
- салыктык башкарууну жакшыртуу жана ишкерлер үчүн ыңгайлуу шарттарды түзүү үчүн электрондук кызматтарды өркүндөтүү жана толуктоо боюнча иштерди жүргүзүү;
- салык төлөөчүлөрдүн бардык категориялары үчүн салыктык тейлөөнүн жеткиликтүүлүгүн жана сапатын жакшыртуу үчүн облустук жана райондук борборлордо Төлөөчүлөрдү тейлөөнүн кошумча борборлорун ачуу;
- салыктык башкаруу процесстеринин натыйжалуулугун, тактыгын жана ачыктыгын жакшыртууга багытталган аналитикалык инструменттерди киргизүү, бул өз кезегинде жыйымдарды көбөйтүүгө жана салыктык жоготууларды кыскартууга өбөлгө түзөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх