Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Садыр Жапаров Сузак районунда “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты

ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 миллион долларды түзөт

Өлкө башчы Садыр Жапаров бүгүн, 22-июлда Жалал-Абад облусунда “Көк-Арт” чакан ГЭСин ачты. Бул тууралуу президенттин басма сөз кызматынан билдирди.

Маалыматка ылайык, Сузак районундагы “Көк-Арт” чакан ГЭСинин курулушу былтыр августта башталган.
Гидроагрегаттын кубаттуулугу 6,8 МВт түзөт. Жылына болжол менен 25 миллион кВт/саат энергия иштеп чыгат.

Мамлекет башчысы чогулгандарды “Көк-Арт” чакан ГЭСинин ачылышы менен куттуктап, бул гидроэлектростанция аймактын өнүгүшүнө өбөлгө болорун белгиледи. Ал ошондой эле бул ГЭСтин кыска
убакытта бүтүшүнө Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы чоң болгонун айтты.

ГЭСтин курулушуна тартылган жалпы инвестициялардын көлөмү 7,8 миллион долларды түзөт. Бул сумманын жарымы Өзбек-Кыргыз өнүктүрүү фондунун салымы, калган жарымы жеке инвестордун салымы болду.

Президент Жапаров өндүрүлгөн электр кубаты Сузак районунун 10 миңден ашуун калкынын муктаждыгын канааттандырууга жетиштүү экенин айтып өттү. Ал ГЭСти карап чыккандан кийин жергиликтүү  тургундар менен баарлашып, суроолоруна жооп берди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх