Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

ЕАЭБде айыл чарба өндүрүшү өсүп, Кыргызстан алдыңкы үчтүккө кирди

ЕАЭБде айыл чарба продукциясын өндүрүү 1,8 пайызга өскөн

Евразия экономикалык комиссиясы январь-май айларындагы маалыматтарды жарыялап, өткөн жылдын ушул мезгилинин көрсөткүчтөрү менен салыштырды.
Үстүбүздөгү жылдын январь-май айларында 2023-жылдын ушул мезгилине салыштырмалуу ЕАЭБде айыл чарба продукциясын өндүрүү 1,8 пайызга өскөн. Бул тууралуу Евразиялык экономикалык комиссиянын маалымат кызматы билдирди.

Өсүш интеграциялык бирикменин бардык өлкөлөрүндө белгиленди (пайыз менен):

  • Беларусь — 8,1;
  • Армения — 4,5 (январь-март айларындагы маалымат);
  • Кыргызстан — 2,5;
  • Казакстан — 1,6;
  • Россия — 1,2.

Белгилей кетсек, Кыргызстан жумуртка өндүрүүнүн өсүшү (299,3 миллион даана) боюнча ЕАЭБде лидерлердин бири. Январь-май айларында өсүш 7,3 пайызды түздү. Мындан жогорку көрсөткүч Беларуста гана болгон (16,7 пайыз).

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх