Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд куб метрди түздү
Суунун агып келиши секундасына 825 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 434 куб метрди түзүүдө
Бүгүн, 5-августка карата Токтогул суу сактагычында суунун көлөмү 12 млрд 21 млн куб метрди түздү. Бул тууралуу “Электр станциялары” ААКнын басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка ылайык, суунун агып келиши секундасына 825 куб метрди түзсө, сууну керектөө секундасына 434 куб метрди түзүүдө.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз