Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргыз-кытай чек арасындагы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пункту жакында ачылат

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун жана “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” багыты боюнча унаа жолдун курулушунун оң динамикасын белгилешти

МинКаб Төрагасынын орун басары Бакыт Төрөбаев кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасында жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктун ачууга даярдыктардын жүрүшү тууралуу сүйлөшүүлөрдү жүргүздү. Бул тууралуу кыргыз өкмөтүнүн маалымат кызматы билдирди.

Андагы маалыматка ылайык, Бакыт Төрөбаев менен Кытай Эл Республикасынын Синьцзян-Уйгур автономдуу районунун Элдик өкмөтүнүн төрагасынын орун басары Сунь Хунмэй кыргыз-кытай мамлекеттик чек арасындагы жаңы “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун ачылышына даярдык көрүү боюнча жыйын өткөрдү.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар “Бедел” көзөмөл өткөрүү пунктунун жана “Барскоон – Үчтурфан – Аксуу” багыты боюнча унаа жолдун курулушунун оң динамикасын белгилешти.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх