Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 3,7 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар катышууда
29-августка карата “Айыл чарбасын каржылоо-12” долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 499 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө 3 млрд 751 млн сом суммасына жеңилдетилген насыя берилген.
Финансы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде:
- мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 331 млн сом суммасында 8 миң 206 субъектти түзөт;
- өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча – 420,31 млн сом суммасында 1 миң 293 субъектти түзөт.
Аталган долбоорду ишке ашырууга “Айыл Банк” жана “Элдик Банк” ААКтар катышууда. Дыйкан-фермерлерди кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сом суммасын түзүүдө.
2024 – жылдын 29-августуна карата аталган Долбоор тууралуу облустар боюнча маалымат:
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз