Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банк “Кыргыз сом” мобилдик тиркемесин ишке киргизди

Мобилдик тиркеме банкноттордун аныктыгын текшербейт

Кыргызстанда “Кыргыз сом” мобилдик тиркемеси ишке киргизилди.

Улуттук банктан билдиришкендей, “Кыргыз сом” мобилдик тиркемеси 2023-жылдын үлгүсүндөгү банкноттордун коргоо элементтерин интерактивдүү форматта көрсөтөт.

Мобилдик тиркемеде жаңы, бешинчи сериядагы банкноттордун коргоо элементтерин жарыкка салып караган учурда, жантаюу бурчун өзгөртүп жана лупаны колдонууда кантип текшерүү керектигин түшүндүрүп берет.

Өлкөнүн башкы банкынан белгилешкендей, мобилдик тиркеме 2023-жылдын үлгүсүндөгү улуттук валютанын банкнотторунун коргоо элементтери менен таанышуу максатында гана иштелип чыккан. Мобилдик тиркеме банкноттордун аныктыгын текшербейт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх