Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте бүгүн миңден ашуун автобус каттамга чыкты

Ар бир автобус каттамына ортодогу аралыкты азайтуу жана жүргүнчү агымы көбөйгөнүн эске алуу менен 2-3 автобустан кошулду

Бишкек шаарында бүгүн 1002 автобус каттамга чыкты.

Муниципалитеттен билдиришкендей, мындан тышкары, 41 троллейбус жана мурдагы троллейбус каттамдарын тейлеген 46 автобус иштеп жатат.

Ошондой эле “Жүргүнчүлөрдү ташуу бирикмеси” муниципалдык ишканасынын 174 бирдик кичи маршруттук автобустары, “Эко жүргүнчүлөрдү жеткизүү" ЖЧКсынын 124 бирдик автобусу каттамга чыкты.

Жаңы окуу жылынын башталышына карата ар бир автобус каттамына ортодогу аралыкты азайтуу жана жүргүнчү агымы көбөйгөнүн эске алуу менен 2-3 автобустан кошулду.

Андан тышкары, борбордогу мектептердин айланасында унаа тыгынын болтурбоо, коомдук коопсуздукту күзөтүү үчүн Милициянын кайгуул кызматынын кызматкерлери 114 мектепке бекитилди. Мамлекеттик күзөт кызматынын линиясы боюнча 120 кызматкер жана 102 линиясы боюнча 160 кызматкер коюлду. Соода жана базар комплекстеринин жанына 40 кызматер бөлүндү. Жалпы 1 миңден ашык кызматкер тартылды.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх