Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте жолдорду капиталдык оңдоо кайсы этапта? Жооп

Учурда Бишкек шаарында 3 көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда

Бишкек мэриясынан борбор калаанын жолдорун капиталдык оңдоо кайсы этапта экендиги тууралуу айтып беришти.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда Бишкек шаарында 3 көчөдө жолду капиталдык оңдоо жумуштары уланууда.

М.Горький көчөсүндө Ч.Айтматов проспектисинен Панфилов көчөсүнө чейин жана К.Тыныстанов көчөсүнөн Байтик баатыр көчөсүнө чейин 1-катмар асфальтбетон төшөө иштери аяктады.

Тыныстанов көчөсүнөн Панфилов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө жол жээгиндеги эски бетон бордюрларды чыгарып, жаңы бордюрларды орнотуу, асфальт төшөөгө даярдоо иштери жүрүүдө.

Б. Юнусалиев көчөсүнүн Сухэ-Батор көчөсүнөн А. Сүйөркулов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө 2 катмар асфальт басылды.

А. Сүйөркулов көчөсүнөн М. Горький көчөсүнө чейинки бөлүгүндө бордюр орнотуу асфальттын 1-катмарын төшөөгө даярдык жумуштары жүрүп жатат.

Жибек-Жолу проспектисинин Тоголок Молдо көчөсүнөн А. Сүйүмбаев көчөсүнө чейинки бөлүгүнүн түштүк тарабында жумуштар аяктап, кыймыл ачылды. Учурда жумуштар ушул эле бөлүктө түндүк жагында жүрүп жатат.

Тоголок Молдо көчөсүнөн Ж. Абдрахманов көчөсүнө чейин асфальттын 2-катмары төшөлүүдө. Жакынкы аралыкта, жол белгилери чийилип, унаа кыймылы үчүн ачылат.

Жогорудагы 3 көчөдө реабилитациялоо жумуштары графикке ылайык жүрүп жатат. М. Горький жана Б. Юнусалиев көчөлөрүндө 15-октябрда, Жибек-Жолу проспектисинде 31-октябрда аяктоо мерчемделген.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх