Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Мүлк салыктарын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддер башталат – Салык кызматы

Салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган

Кыргызстанда мүлк салыктарын төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддик иш-чаралар башталат.

Мамлекеттик салык кызматынан билдиришкендей, 1-сентябрга чейин салык төлөбөгөн мүлктүн ээлери салыктын негизги суммасын гана эмес, административдик айып пулду, ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн туумду төлөөгө милдеттүү болушат.

Мыйзамга ылайык, салыкты өз убагында төлөбөгөн жеке жактар үчүн 1000 сом жана юридикалык жактар үчүн 5000 сом өлчөмүндөгү айып пул каралган. Ошондой эле кечиктирилген ар бир күн үчүн карыздын суммасына 0,09% өлчөмүндөгү туум кошулат.

Эми өлкө аймагында транспорт каражатына салык төлөбөгөндөрдү аныктоо боюнча рейддерге салыкчылар жол кайгуул кызматкерлери менен биргеликте чыгышат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх