Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте "Кыргызалтындын" алтын куймаларын саткан дүкөнү ачылат

Бардык каалоочулар ар кыл өлчөмдөгү алтын чендик куймаларын сатып ала алат

Бүгүн, 5-сентябрдан тартып “Кыргызалтын” ААКнын алтын чендик куймаларын сата турган дүкөнү иштеп баштайт. Бул тууралуу президенттин басма сөз катчысы Аскат Алагөзов социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анын айтымында, ал жактан бардык каалоочулар ар кыл өлчөмдөгү алтын чендик куймаларын сатып ала алат.

"Алтын чендик куймаларын эркин сатыкка чыгаруу президент Садыр Жапаровдун тапшырмасы болгон", - деп айтылат маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх