Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо иштери аяктады

Жаңы жылуулук тармагы жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат

Бишкектин Жукеев-Пудовкин көчөсүнүн Медеров көчөсүнөн Кулатов көчөсүнө чейинки бөлүгүндө магистралдык жылуулук тармагын масштабдуу реконструкциялоо иштери аяктады.

Муниципалитеттен билдиришкендей, учурда жол толугу менен унаалар үчүн ачык.

Белгиленгендей, долбоордун алкагында диаметри 700 мм болгон түтүктөр толугу менен диаметри 900 мм болгон түтүктөргө алмаштырылып, бардык жапкычтар жаңыланды. Реконструкцияланган тармактын жалпы узундугу 845 метрди түзөт.

Мэриядан билдиришкендей, Жукеев-Пудовкин көчөсүндөгү жылуулук тармагын реконструкциялоо шаардын түштүк аймагынын тургундарын туруктуу жана үзгүлтүксүз жылуулук менен камсыздоодогу маанилүү кадам болуп саналат. Жаңы жылуулук тармагы жылуулук менен камсыздоонун ишенимдүүлүгүн жана натыйжалуулугун жогорулатат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх