Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Төлөнбек Абдыров: Алтын куймаларына инвестиция салуу - каражатты сактоонун ишенимдүү жолу

Эске салсак, кечээ Бишкекте «Кыргызалтын» ААКда ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган алтындын чендик куймалары сатылуучу фирмалык дүкөн ачылган

Алтын куймаларына инвестиция салуу өз каражаттарыңды сактоонун ишенимдүү жолу болуп саналат. Бул тууралуу “Кабар” маалымат агенттигине экономика илимдеринин доктору Төлөнбек Абдыров билдирди.

Анын айтымында, ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган алтындын чендик куймаларын сатуучу фирмалык дүкөндүн ачылышы – бул жакшы башталыш.

“Фирмалык дүкөндүн ачылышы менен калк үчүн ортомчусуз алтын куймаларын сатып алуу мүмкүнчүлүгү пайда болду. Алтын сатып алуу үчүн атайын бир тармакка кайрылып отурбастан, ачылган фирмалык дүкөндөн каалаган учурда сатып алса болот. Бул биздин Кыргызстанда өндүрүлгөн эң жогорку сапаттагы алтын. Өлкөдө алтындын эркин жүгүртүлүшү бул жакшы көрсөткүч. Анткени эл алтын куймаларын сатып алуу менен каражаттарын ишенимдүү сактай алат.

Кумтөр кенинен алтын өндүрүлүп баштаган кезде алтындын 1 троя унциясы 300 доллар болчу, ал эми бүгүнкү күндө алтындын 1 троя унциясы, болжол менен 31 грамм алтын куймасы 2 миң 500 доллар турат. Ушул жылдар аралыгында алтындын баасы өсүүдө, ошондуктан жарандарда өз каражатына алтын сатып алып, узак мөөнөткө ишенимдүү сактоо кепилдиги бар. Жарандар бул куймаларды үйдө кармагысы келбесе банкта сактай алат”,- дейт Төлөнбек Абдыров.

Эске салсак, бүгүн Бишкекте «Кыргызалтын» ААКда ата мекендик өндүрүштөн чыгарылган алтындын чендик куймалары сатылуучу фирмалык дүкөн ачылды. Эми алтындын чендик куймаларын өлкөнүн бардык жарандары сатып ала алышат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх