Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда 1,8 млн баш ийри мүйүздүү мал каттоодон өткөн

2024-жылдын сентябрь айына карата жалпы 4389.3 миң тонна тоюттар жыйналды

2024-жылда республика боюнча жалпы ири мүйүздүү 1 млн 802 миң 299 баш мал катталган. Бул тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштеүү өнөр жайы министрлигинен билдиришти.

Маалыматка ылайык, анын ичинен саан уй 902 244 баш, жылкы 542 527 баш, кой-эчкилер 6млн 216 миң 125 баш, үй канаттуулары 6 млн 988 миң 968 жана чочколор 29 миң 676 баш.

2024-2025-жылга мал кыштатууга (ири мүйүздүү мал, жылкы, кой –эчкилер, үй канаттуулар жана чочколор) жалпы 5 387.9 миң тонна тоюттар керектелет.

- анын ичинен кесек тоют (чөп, сенаж, саман) – 3621,0 миң тонна,

- силос - 325.0 миң тонна,

- азык тамырлануучу тоюттар -216,5 миң тонна

- концентраттар – 1 225.4 миң тонна тоют керектелет.

2024-жылдын сентябрь айына карата жалпы 4389.3 миң тонна тоюттар жыйналды же 2024-2025-жылга мал кыштатууга керектеле турган тоюттардын 81 пайызы даярдалды.

Даярдалган тоюттар;

-жалпы кесек тоют- 3527.8 миң тонна (97%);

-аралашма тоютка дан азыктар 798.1 миң тонна (65%);

-чыктуу тоют – 63.4 миң тонна (0,19 %) даярдалды.

Чыктуу тоютка даярдалган тоют өсүмдүктөрү сентябрь, октябрь айларында жыйналат.

Республика боюнча сентябрь айына карата тоюттардын орточо баасы;

табигый чөп 1 түк 18-20кг -160-180 сом.
беде чөп 1 түк 18-20кг - 200-220 сом
арпа саман 1 түк 18-20кг - 60-70 сом
буудай саман 1 түк 18-20кг -50 сом
буудай 1 кг -13-14 сом
арпа 1 кг - 11 сом
жүгөрү 1 кг - 16 сом.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх