Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эмгек министрлиги: 9,2 миңге жакын адам үйүндө кызмат алат

Социалдык жардамга муктаж адамдын кошуналары жана жакын адамдары жазуу жүзүндө кайрылуусу зарыл

Бүгүнкү күндө Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлигинин шаардык, райондук, райондор аралык башкармалыктарында 945 социалдык кызматкер иштейт. Бул тууралуу ведомствонун басма сөз кызматы билдирет.

Маалыматка ылайык, алар 9 миң 166 адамды үй шартында тейлешет, алардын ичинен:

  • жалгыз бой кары - картаң жарандар – 3 655 адам;
  • майыптыгы бар адамдар – 2 096 адам;
  • жубайлар – 190 адам;
  • оор турмуштук кырдаалга кабылган үй – бүлөлөр-3 227 адам.

Ар бир социалдык кызматкер Аймактык башкармалыктын жетекчиси бекитүүчү анын жеке график боюнча жумасына эки жолудан кем эмес кызмат алуучуга барат.

Башкармалыктын социалдык кызматкерлери үйүнө барып социалдык жактан тейлөө үчүн жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын, социалдык жардамга муктаж адамдын кошуналары жана жакын адамдары жазуу жүзүндө кайрылуусу зарыл.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх