Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда дыйкан-фермерлерге 3,79 млрд сом жеңилдетилген насыя берилди

Аталган долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банктары" катышууда

5-сентябрга карата "Айыл чарбасын каржылоо-12" долбоорунун алкагында республиканын 9 миң 602 айылдык товар өндүрүүчүлөрүнө жеңилдетилген насыялар берилди.

Финансы министрлигинен билдиришкендей, берилген насыянын жалпы суммасы 3 млрд 793,33 млн сомду түздү: Анын ичинде:

мал чарбачылык тармагы боюнча – 3 млрд 369,2 млн сомго жалпы 8 мин 301 субъектке;
өсүмдүк өстүрүүчүлүк тармагы боюнча – 424 млн сомго жалпы 1 миң 301 субъектке берилди.

Аталган долбоорду ишке ашырууга "Айыл Банк" жана "Элдик Банктары" катышууда. Дыйкан-фермерлерди кредиттөөнүн көлөмү 5 млрд сомду түзөт.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх