Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Улуттук банктын эл аралык резерви 4,1 млрд долларга жетти

Жыл башынан бери бул көрсөткүч 26%га өскөн

21-августка карата Кыргызстандын Улуттук банкынын эл аралык резерви 4,1 млрд долларга жетти. Бул тууралуу Улуттук банкттын төрагасы Мелис Тургунбаев билдирди.

Анын айтымында, жыл башынан бери бул көрсөткүч 26%га өскөн.

"Бул резервдер - биздин финансылык колдообуз. Алардын өсүшү экономиканын туруксуздугунун ыктымалдыгын азайтып, улуттук валютанын девальвацияланышын алдын алып, инфляциянын тез өсүшүнө жол бербейт. Алар Кыргызстандын эл аралык аренада өзүнүн финансылык милдеттенмелерин аткара алуусуна кепилдик берет", - дейт Тургунбаев.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх