Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Нарында чыгарылган ата мекендик мотоциклдер сатыла баштады – баасы

Сатыкка чыккан баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин

"Нарын мото" заводу өндүргөн продукцияларын сатыкка чыгара баштады. Бул тууралуу президенттин Нарын облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

“Нарын мото” заводу Ат-Башы районундагы Кара-Булак участкасында курулган Эл аралык соода-логистикалык борбордон орун алды. Заводдо кытай өнөктөштөрдүн колдоосу менен эки, үч, төрт дөңгөлөктүү мото техникалар куралып чыгууда.

Өндүрүштөн чыккан “Нарынмото” аталышындагы айыл чарба техникалары 400 килограммдан 2 тоннага чейин жүк көтөрө алат. Унаалардын электр кубаты, күйүүчү май менен жүрүүчү, үстү ачык, үстү жабык, жайы-кышы менен чарба иштерин жүргүзүүгө ыңгайлуу түрлөрү бар. Сатыкка чыккан баасы түрүнө жараша 90 миң сомдон 190 миң сомго чейин.

Ошондой эле каалоочулар "Мбанк”, “Компаньон” банктары аркылуу 3 айдан 3 жылга чейинки мөөнөттө бөлүп төлөө шарты менен сатып алышса болот.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх