Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда тамак-аш азыктары, суусундуктар жана тамеки өндүрүү багытында 415 ишкана катталды

Ошондой эле тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10813 жеке ишкерлер катталган

2024-жылдын 10-сентябрына карата Кыргызстандын аймагында тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 415 юридикалык ири жана орто ишканалар катталды.

Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинен билдиришкендей, анын ичинде облустар боюнча:

Баткен облусунда – 7;
Жалал-Абад облусунда – 38;
Ош облусунда – 28;
Ысык-Көл облусунда – 25;
Нарын облусунда – 11;
Талас облусунда – 4;
Чүй облусунда – 136;
Бишкек шаарында – 146;
Ош шаарында – 20.

Ошондой эле тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктарды жана тамеки өндүрүү багытында 10813 жеке ишкерлер катталган, алардын ичинен облустар боюнча:

Баткен облусунда – 1214
Жалал-Абад облусунда – 1499;
Ысык-Көл облусунда – 712;
Нарын облусунда – 562;
Ош облусунда – 3021;
Талас облусунда – 194;
Чүй облусунда – 1815;
Бишкек шаарында – 1093;
Ош шаарында – 703.

Республиканын кайра иштетүүчү өнөр жайынын продукциясынын жалпы көлөмүндө тамак-аш азыктарын, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүү боюнча ишканалардын үлүшү отчеттук мезгилде 21,4 %ды түздү.

Алдын ала эсептөөлөр боюнча, 2024-жылдын январь-июль айларында айыл чарба продукциясын кайра иштетүү өнөр-жай ишканалары тарабынан учурдагы баа менен 45148,1 млн сом көлөмүндө тамак-аш азыктары, ага кирген суусундуктар жана тамеки өндүрүлгөн, физикалык көлөмдүн индекси – 120%ды түзгөн.

Белгилей кетсек, 2024-жылдын 15-августуна карата ЕАЭБге мүчө мамлекеттердин аймагы боюнча өткөрүлүүчү контролдонуучу товарларды өндүрүүнү, кайра иштетүүнү жана сактоону жүзөгө ашыруучу Кыргызстандын уюмдарынын жана жактарынын реестринде болгону 400 субъект катталган, анын ичинде:

сүт продукциясын өндүрүү боюнча – 44;
бал чогултуу жана сатуу – 68;
балык кайра иштетүү – 44;
термикалык иштетилген эт азыктарын өндүрүү – 21;
улуттук сүт азыктарын өндүрүү – 3;
касапкана – 11;
тирүү малды өстүрүү жана сатуу – 35;
канаттууларды кайра иштетүүчү ишканалар – 10;
мал азыгын өндүрүү жана сатуу – 23;
жаныбарлардан алынган азыктарды сактоо жана сатуу – 126;
жаныбарлардан алынган сырьену (ичеги, жүн, тери) кайра иштетүү – 14;
ветеринардык препараттар – 1.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх