Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Соцфонддун инвестиция жана депозиттерден түшкөн кирешеси 3,5 млрд сомду түздү

2024-жылдын январь-август айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган

Социалдык фонд 2024-жылдын январь-август айларында мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарынан мамлекеттик баалуу кагаздарга 14,95-16,60% жылдык кирешелүүлүгү менен 7 071,7 млн сом инвестициялаган.

Ведомстводон маалымдашкандай, мамлекеттик топтомо пенсиялык фондунун каражаттарынын бир бөлүгү коммерциялык банктардын депозиттерине 12 айлык жана 18 айлык мөөнөт менен 5 248,8 млн сом өлчөмүндө жайгаштырылган, мында пайыздык чен жылдык 13,1-17,2% болгон.

2024-жылдын январь-август айларында МТПФнын мурда инвестицияланган каражаттарынан төмөнкү кирешелер алынган:

- жайгаштырылган мамлекеттик баалуу кагаздар боюнча кирешелер – 2 993,8 млн сом;
- депозиттер боюнча пайыздык кирешелер - 538,3 млн сом;
- МТПФнын эсептериндеги акча каражаттарынын күнүмдүк калдыктарына чегерилген пайыздардан түшкөн киреше – 11,1 млн сом.
- башка кирешелер - 2,4 млн сом;

Ошентип, бардыгы болуп 2024-жылдын январь-август айларында МТПФнын каражаттарын инвестициялоодон 3 545,6 млн сом киреше алынган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх