Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкектеги жаңы Ош базардын курулушу кызуу жүрүүдө

Жаңы Ош базар борбор калаанын түндүк тарабына салынууда

Бишкектеги жаңы Ош базардын курулушу кызуу жүрүүдө. Бул тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн социалдык тармактагы баракчасы аркылуу билдирди.

Анда мамлекет башчысы келерки жылдан баштап соодагерлер бардык шарттары бар базарда иштешерин айтты.

"Кудай буюрса келерки жылдан баштап соодагерлерибиз жабык, заманбап, бардык шарттары бар базардын ичинде төрт мезгил бою жылуу-жумшак соода кыла башташат", - деди президент.

Ошондой эле Садыр Жапаров бир катар видеолорду да тиркеген. Видеолордо көрүнүп тургандай, базардын курулушуна жерди даярдоо иштери жүрүп жатат.

Белгилей кетсек, жаңы Ош базар борбор калаанын түндүк тарабына салынууда

 

 

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх