Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын долбоору дүйнөдөгү эң мыкты 20 санариптик демилгенин катарына кирди

Ошондой эле Кыргызстан "Тынчтык" (Peace) категориясында биринчи орунду ээледи

Кыргызстандын ымыркайларды каттоо үчүн маалыматтык системаларды интеграциялоо боюнча иштелип чыккан долбоору дүйнөдөгү эң мыкты 20 санариптик демилгенин катарына кирди.

Санариптик өнүктүрүү министрлигинен билдиришкендей, мындай жетишкендик эл аралык SDG Digital Game Changers сынагынын жыйынтыгында белгилүү болду.

Белгиленгендей, бул долбоор Санариптик өнүктүрүү министрлиги тарабынан 2024-жылдын май айында башталган. Анын максаты - жаңы төрөлгөн балдарды толук документтештирүү. Эми туулгандыгы тууралуу маалымат түздөн-түз төрөт үйлөрүнөн СӨМгө түшөт. Эгерде 60 күн ичинде ата-энелер туулгандыгы тууралуу күбөлүк алуу үчүн кайрылбаса, социалдык кызматкерлер кабардар болуп, каттоодо жардам беришет. Бүгүнкү күнгө карата 1200 баланын арасынан 600ү документтештирилди, иш уланууда.

Ошондой эле Кыргызстан "Тынчтык" (Peace) категориясында Польша, Катар, Сауд Арабиясы жана Бразилия долбоорлорун артта калтырып, биринчи орунду ээледи.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх