Барскоон – Тамга унаа жолунун 1,2 чакырымы асфальтталды
Ошондой эле Балыкчы – Ананьево –Каракол унаа жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлдү
Ысык-Көл облусундагы Барскоон – Тамга унаа жолунун 1,2 чакырымы асфальтталды.
Транспорт жана коммуникациялар министрлигинен билдиришкендей, жеринде №3 Жол тейлөө ишканасынын кызматкерлери иш алып барды.
Ошондой эле Балыкчы – Ананьево –Каракол унаа жолуна асфальттын экинчи катмары төшөлүп, толук бүткөн бөлүктөрүндө жол чийиндери чийилүүдө.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз