Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Оштогу жаңы муниципалдык базардын айланасында үч жол курулууда

Кошумча жолдорду ачуу менен бирге “Барсбек каган” айланма жолун кеңейтүү боюнча дагы иштер аткарылып жатат

Ош шаарында жаңы муниципалдык базардын айланасындагы мурда пайдаланылбай турган үч кошумча жолду ачуу жана жаңы жолдорду салуу иштери жүрүүдө.

Муниципалитеттен билдиришкендей, күн мурун шаар мэри Бактыбек Жетигенов тиешелүү кызмат өкүлдөрү менен иштин жүрүшүн көрүп чыкты.

Иш ыргагынын жүрүшү боюнча жеринде сунуштар, толуктоолор айтылып, жасалып жаткан жолдорду сапаттуу, белгиленген мөөнөтүндө аткарууну тапшырды.

Айта кетсек, кошумча жолдорду ачуу менен бирге “Барсбек каган” айланма жолун кеңейтүү боюнча дагы иштер аткарылып жатат. Аталган жол кеңейтилсе, Ош-Араван жолундагы унаа тыгынынын алды алынып, унаа каттамдары бир топ жакшырат.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх