Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Сузактын Көк-Булак айылында сел тосмо курулуп, 58 турак үйгө кооптуулук жоюлду

Үмүт Баймуратова облус башчысына көйгөйдү чечүүдөгү ыкчам аракетине ыраазычылык билдирди

Сузак районунун Кызыл-Туу айыл аймагынын Көк-Булак айылында сел тосмо курулуп, 58 турак үйгө кооптуулук жоюлду. Бул тууралуу президенттин Жалал-Абаддагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Буга чейин аталган айылда сел тосмо жоктугунан 58 жергиликтүү тургундун короо-жайы жана үйлөрү жабыркап келген.

Мындан улам президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлү Тилек Текебаевге жергиликтүү айыл тургуну Үмүт Баймуратова кайрылып, маселе тез аранын ичинде жөнгө салынган.

Күн мурун Үмүт Баймуратова облус башчысы менен жолугушуп, көйгөйдү чечүүдөгү ыкчам аракетине ыраазычылык билдирди.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх