Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек–Ош жолунун ашуулардагы тилкелерине кар күрткүсүнөн коргоочу атайын тосмолор орнотулду

Атайын тосмолор жолдун 125-129-чакырымдар аралыгына жана 216-222-чакырымдар аралыгына коюлду

Төө-Ашуу менен Ала-Бел ашуусуна кар күрткүсүнөн коргоочу атайын тосмолор орнотулду. “Бишкек–Ош жолун кар күрткүсүнөн коргоо” долбоору Япон эл аралык кызматташтык агенттиги (JICA) тарабынан (гранттык) ишке ашырылды.

Атайын тосмолор жолдун 125-129-чакырымдар аралыгына (Төө-Ашуу) жана 216-222-чакырымдар аралыгына (Ала-Бел) коюлду.

Жолдун коопсуздугун жана үзгүлтүксүз иштөөсүн камсыз кылуу максатын көздөгөн долбоордун алкагында Төө-Ашууга жалпы узундугу 2008 метр, ал эми Ала-Белге 3908 метр, бийиктиги 3-4 метрлик тосмолор орнотулду. 

Транспорт жана коммуникациялар министрлигинин маалымат кызматы

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх