Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Өлкөдөгү автобекеттерде оңдоп-түзөө иштери жүрүүдө

Кочкор районуна жаңы автобекет куруу үчүн 1,44 га жер аянты “Нарын автовокзалы” филиалына бекитилип берилди

Кыргыз автобекети мамлекеттик ишканасы тарабынан өлкөдөгү бир катар автобекеттерде оңдоп-түзөө жана курулуш иштери жүрүүдө. Тактап айтканда, “Ысык-Көл автовокзалы” филиалынын Түп автокассасынын аймагына автобустар жөнөтүлүүчү перрон курулуп колдонууга берилди. Каракол автовокзалынын аймагын көрктөндүрүү асфальт төшөө, бордюрларды орнотуу, суу агуучу бетон арыктарды орнотуу жумуштары аткарылууда.

Мындан тышкары, Каракол автовокзалынын имаратын капиталдык оңдоп-түзөө боюнча техникалык сметалык документтери даярдалып, жумушту баштоо алдында турат.

Ал эми Таластагы вокзалдын фасады оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, автобекеттин аймагындагы токтоочу жайдын аң-чөнөктөрү оңдолду.

“Нарын автовокзалы” филиалынын Ат-Башы автостанциясынын аймагынын чекебели темир тосмо менен тосулду.

Ошондой эле Кочкор районуна жаңы автобекет куруу үчүн 1,44 га жер аянты “Нарын автовокзалы” филиалына бекитилип берилди. Учурда курулушту баштоо үчүн эски имаратты бузуу жумуштары жүрүүдө. Мындан тышкары, “Нарын автовокзалы” филиалынын Ак-Талаа автостанциясынын имаратын оңдоп-түзөөнү жыл аягына чейин аткаруу пландалууда.

Ал эми борбор калаадагы Батыш автовокзалынын имаратынын чатыры жараксыз деп табылып, чатырын алмаштыруу иштери аткарылды. Мындан тышкары, Батыш автовокзалынын аймагында асфальт төшөө жумушу аткарылууда.
Ушул жылы “Кыргыз автобекети” мамлекеттик ишканасына караштуу облустардагы автобекеттерде оңдоп –түзөө иштеринен тышкары актап-сырдоо, көрктөндүрүү иштери да жүргүзүлдү.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх