Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусунун башчысы Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту

Облус башчысы тыгыз кызматташтык уланарын белгиледи

Жалал-Абад облусунун башчысы Тилек Текебаев Азия өнүктүрүү банкынын өкүлдөрү менен жолугушту.

Президенттин Жалал-Абад облусундагы өкүлчүлүгүнөн билдиришкендей, Бишкек шаарында өткөн жолугушууга облустагы район акимдери дагы катышып, анда Азия өнүктүрүү банкы менен Жалал-Абад облусунда аткарылып жаткан иш-аракеттер, 2025-2027-жылдар аралыгында каржылануучу бир катар долбоорлор талкууланды.

Облус башчысы алдыдагы убакытта бардык район, шаарлар калктын социалдык-экономикалык мүмкүнчүлүгүн жакшыртуучу долбоорлорду сунушталарын айтып, тыгыз кызматташтык уланарын белгиледи.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх