Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

80 үй-бүлө соцконтракт аркылуу алган 100 миң сомун иштете албай калган – министр

2 жылда аз камсыз болгон 12 миң 800 үй-бүлө ишкерлик кылуу үчүн мамлекеттен 100 миң сом өлчөмүндө каражат алган

Кыргызстанда социалдык контракттын негизинде берилген 100 миң сомду 80 үй-бүлө иштете албай калган. Бул тууралуу эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министри Жылдыз Полотова бүгүн Жогорку Кеңештин жыйынында билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоордун алкагында өлкө боюнча 2 жылда аз камсыз болгон 12 миң 800 үй-бүлө ишкерлик кылуу үчүн мамлекеттен 100 миң сом өлчөмүндө каражат алган.

“Көптөгөн жарандар бул долбоордун жардамы менен жашоо-турмушун жакшыртып кетсе, арасында иштете албай калгандар да бар. Мамлекеттен 100 миң сом алгандардын ичинен 80 үй-бүлө иштете албай калып, алган каражатын кайтарып беришкен. Белгилей кетүүчү жагдай, комиссиянын чечими менен ал үй-бүлөлөр кайрадан ай сайын берилүүчү жөлөк пул алуу мүмкүнчүлүгүнө ээ болушту”, - деди министр.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх