Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Эрбол Султанбаев Беларустагы ири машина куруу ишканасына барды

“АМКАДОР” холдинги ири эл аралык көп тармактуу компания, анын курамына 30 ишкана, анын ичинде 22 завод кирет

Кыргызстандын Беларустагы элчиси Эрбол Султанбаев “АМКАДОР” ААК ири машина куруу ишканасына барып, директорлор кеңешинин төрагасы Александр Шакутин менен сүйлөшүүлөрдү жүргүздү.

Элчиликтен билдиришкендей, иш сапардын жүрүшүндө “АМКАДОР” холдингинин ишканалары чыгарган жабдуулардын үлгүлөрү көрсөтүлүп, компаниянын ишмердүүлүгү тууралуу презентация жасалды.

Эрбол Султанбаев менен Александр Шукутин Кыргызстандын рыногуна, анын ичинде экспорттук кредиттөө жана лизинг программаларынын алкагында “АМКАДОР” ААКнын продукциясын жеткирүүнүн көлөмүн кеңейтүү маселелерин кеңири талкуулашты.

Мындан тышкары, тараптар инвестициялык кызматташуунун келечегин талкуулап, анын алкагында Кыргызстанда "АМКАДОР" ААКтын дилердик борборун ачуу, ошондой эле Кыргызстанда техниканы чогултуу боюнча биргелешкен ишканасын уюштуруу сунушталды.

Маалымат үчүн: “АМКАДОР” холдинги ири эл аралык көп тармактуу компания, анын курамына 30 ишкана, анын ичинде 22 завод кирет. Холдинг курулуш, токой чарбасы, айыл чарба, муниципалдык машиналарды жана тетиктерди чыгарат, жалпысынан “АМКАДОР” 23 700 товардык продукцияны чыгарат. Холдингдин ишканалары Беларусь, Россия жана КМШ өлкөлөрүндө жайгашкан.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх