Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кытайлык электромобиль өндүргөн компания Кыргызстандын рыногуна чыгууну пландаштырууда

Мындай долбоорлор өлкөнүн инновациялык потенциалынын өсүшүнө чоң таасир тийгизет

Күн мурун Ташкент шаарында Кыргызстандын Соода өкүлчүлүгү менен кытайлык электр транспорту рыногунун лидерлеринин бири болгон компаниянын өкүлдөрүнүн ортосунда жолугушуу өттү.

Экономика жана коммерция министрлигинен билдиришкендей, жолугушууда электромобилдер жана үч дөңгөлөктүү мотоциклдерди өндүрүүгө адистешкен кытайлык компания Кыргызстанда өзүнүн өкүлчүлүгүн, же филиалын ачууга олуттуу кызыгуусун билдирди.

Тараптар бул кадам эки өлкө ортосундагы экономикалык байланыштарды чыңдоо менен катар, региондо экологиялык таза технологияларды илгерилетүүдө маанилүү учур болуп калышы мүмкүн экенин белгилешти.

Кыргызстандын өкүлдөрү мындай долбоорлор өлкөнүн инновациялык потенциалынын өсүшүнө чоң таасир тийгизе турган белгилешти.

Белгиленгендей, алдыңкы электр транспортун өндүрүүчүнүн өкүлчүлүгүнүн ачылышы жогорку квалификациялуу адистерди тартуу жана алдыңкы технологияларды киргизүү үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.

"Кытайлык тарап менен кызматташуу кыргыз компанияларына туруктуу өнүгүү жана заманбап транспорттук чечимдер жаатындагы эл аралык стандарттарга жетүүгө мүмкүндүк берип, өз кезегинде бул өлкөнүн инфраструктурасын экологиялык жактан таза келечекке тезирээк өткөрүүгө өбөлгө түзөт", - деп айтылат маалыматта.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх