Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкек шаарында 4 миң бош жумуш орду бар – Эмгек министрлиги

Жарманке Садыр Жапаровдун демилгесинин алкагында өттү

Бишкек шаарында 4 миң бош жумуш орду бар. Бул тууралуу Бишкек шаарында Бош орундар жана кесиптер - 2024 жарманкесинде эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министринин орун басары Мухтарбек Баймурзаев белгиледи.

"Жарманкеге 100дөн ашык алдыңкы компаниялар өздөрүнүн актуалдуу бош жумуш орундарын сунушташты, ошону менен жарандарга жумуш табууга мүмкүнчүлүк түзүлдү. Кесиптик лицейлер жана окутуунун жеке провайдерлери борбор калаанын жашоочулары жана коноктору үчүн өздөрүнүн окутуу программаларын сунушташты", - деди ал.

Белгиленгендей, жарманке президент Садыр Жапаровдун адам потенциалын жогорулатуу жана иш менен камсыз кылуу боюнча активдүү чараларды киргизүү боюнча демилгесинин алкагында өттү.

Иш-чара Эмгек министрлиги Билим берүү жана илим министрлиги менен өнөктөштүктө жана ошондой эле Бишкек шаарынын мэриясы, "Инновациялык технологиялар жана билим берүү борбору" жана Кыргызстандагы DVV International`дын финансылык колдоосу менен өткөрүлдү.

Жарманкенин жүрүшүндө иш берүүчүлөр потенциалдуу талапкерлер менен консультацияларды жана экспресс-интервьюларды өткөрүштү жана жарандар иш менен камсыз кылууга көмөктөшүү чөйрөсүндөгү кызматтар боюнча кеңештерди алышты. Жаштар жана мектеп бүтүрүүчүлөрү, ошондой эле каалоочулар өздөрүнүн күчтүү жактарын жана көндүмдөрүн аныктоо үчүн кесипке багыт берүүчү тестирлөөдөн өтө алышты, бул аларга келечектеги кесипти тандоодо жардам берет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх