Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстандын статистикасы чоӊ өнүгүү жолунда – Бактыбек Кудайбергенов

Кудайбергенов КМШнын алкагында маалыматтар дайыма өз ара алмашып турушу керек деп эсептейт

Бүгүнкү күндө Кыргызстандын статистикасы чөӊ өнүгүү жолунда бара жатат. Бул тууралуу КР Улуттук статистика комитетинин тѳрагасы Бактыбек Кудайбергенов Ташкентте өткөн КМШ өлкөлөрүнүн II Эл аралык статистикалык форумунун алкагында "Кабар" агенттигинин кабарчысына берген чакан маегинде билдирди.

Анын айтымында, форумдун темасынын "Статистикадагы жаңы технологиялар жана маалымат булактары" деп аталышынын өзү учурдагы глобалдуу өнүгүүнүн олку-солку, татаал шарттары доорунда каралып жаткан маселелердин канчалык даражада олуттуу экендигинин тастыктайт.

"Заман өзгөрүп жатат, жаӊы технология турмуштун бардык багытына кирип келди, статистика да мына ошол замандан артта калбашы керек. Азыр статистика тилинде Big Date деген термин бар, муну кыргызчалап "чоң көлөмгө ээ болгон маалыматтар" деп түшүнүүгө болот. Анан "жасалма интеллект" деп жатабыз. Ошолордун баары статистикага кандай таасирлерин берип жатат, мына ошолорду талкууланды”, - деди Кудайбергенов.

Ошондой эле ал форумда кайсы булактардан кандай маалыматтардарды алабыз, он, жыйырма, элүү жылдан кийин кандай көйгөйлөр болот, азыркы техналогиялар, тактап айтканда, Big Datе жасалма интеллект адамдарды алмаштырабы деген көйгөйлүү маселелер көтөрүлгөнүн белгиледи.

"Бирок менин жеке оюмда жаңы технологиялар эч качан адамды алмаштыра албайт. Анткени, технология канчалык заманбап, алдыӊкы болбосун, бардык маалыматтарды бере албайт. Тактап айтканда, Кыргызстандагы демографиялык абал, же ички миграция тууралуу маалыматтар керек болсо, маселен, Оштон Бишкекке канча адам келди, муну оңой эле карап койсо болот. Уюлдук операторлор мындан артык маалымат бере алышпайт азырынча. Андыктан адамдык фактор сакталып калат, статистикадагы эң негизги маалыматтарды адамдар жасашы керек”, - деген пикирин билдирди.

Ошондой эле Кудайберенов Big Date уюлдук операторлордон маалыматтар алынып жатканын, мындан кийин бул багытта иш-аракеттер уланышын айтты.

"Бирок Америка, Европа мамлекеттерине маани берип, ошол жактан көп маалыматтарды алганга аракет кылабыз. Бирок, бул башталышы эле, ал жактан маалыматтарды алууга көп жылдар керек. Анткени, эӊ оболу КМШ, Европа, БУУнун статистикасындагы маселелерди, алардын ортосундагы көйгөйлүү маселерди чечүү керек", - деп белгиледи төрага.

Кудайбергенов КМШнын алкагында маалыматтар дайыма өз ара алмашып турушу керек деп эсептейт. "Мында, айрыкча, экспорт жана импорт, соода жүгүртүү, калктын ал-абалы тууралуу маалыматтардын болушу чоӊ мааниге ээ. Маселен, Россиядан, Казакстандан канча Кыргызстан жарандары каерде жүрүшөт, эмне жумуш менен менен алектенип жаткандыгы тууралуу маалыматтар алынып жатат", - деди ал.

Мындан тышкары, ал Кыргызстандын статистикасынын жүз жылдык тарыхы бар экендигин, бул багытта көп изилдөөлөр өткөрүлүп, кымбат-баалуу маалыматтар жыйналып, илимий талкууга алынгандыгын баса белгиледи.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх