Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Жалал-Абад облусуна жаңы эл аралык аэропорт куруу маселеси каралууда

Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда

Жалал-Абад облусуна жаңы эл аралык "Жалал-Абад" аэропортун куруу маселеси иштелип жатат, деди президент Садыр Жапаров жарандык авиация кызматкерлерин кесиптик майрамы менен куттуктоо сөзүндө.

"Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасынын алкагында бүгүнкү күндө "Манас" эл аралык аэропортунун жеке каражатынын эсебинен "Кербен", "Каракол", "Талас", "Нарын" жана "Казарман" аймактык аэропорттору толугу менен оңдоп-түзөөдөн өткөрүлүп, четинен колдонууга бериле баштады. Ал эми аба кемелери паркыбыз жаңы учактар менен толукталып, жаңыртылууда", - деди өлкө башчы.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх