Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Түркияда Кыргызстандын туризм тармагына инвестицияларды тартуу маселеси каралды

Тараптар туризм тармагындагы учурдагы тенденциялар боюнча пикир алмашты

Анталиядагы Кыргызстандын башкы консулу Рустам Кошонов Жер Ортолук деңизинин туристтик мейманканалар жана операторлор ассоциациясынын (AKTOB) башчысы Каан Кавалоглу менен жолукту.

Тышкы иштер министрлигинен билдиришкендей, ассоциация Анталиядагы мейманканалар жана мейманкана тармактарына ээ болгон 520 компания жана ири корпорацияларды координациялайт.

Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар туризм тармагындагы кызматташтыкты өнүктүрүү маселелерин талкуулап, бул жааттагы артыкчылыктуу багыттарга көңүл бурушту.

Ошондой эле сүйлөшүүдө Кыргызстандын туризм тармагына инвестицияларды тартуу маселеси каралды. Башкы консул туризм секторун өнүктүрүүгө багытталган бир катар долбоорлорду тааныштырып, анын ичинде беш жылдыздуу мейманканаларды куруу үчүн эл аралык инвесторлорду тартууга байланыштуу демилгелерди сунуштады.

Мындан тышкары, тараптар туризм тармагындагы учурдагы тенденциялар боюнча пикир алмашып, кызматташуунун ийгиликтүү мисалдарын жана кызматташтыкты тереңдетүүнүн мүмкүнчүлүктөрүн талкуулашты.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх