Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Ош шаарында милиция кызматкерлерине 25 унаанын ачкычы тапшрылды

Иш-чараны сапка тизилген милиция кызматкерлери салтанаттуу жүрүш менен аяктады

Күн мурун Ош шаарынын борбордук аянтында милиция кызматкерлерине 25 унаанын ачкычтары тапшырылды.

Иш-чарага ички иштер министри Улан Ниязбеков, анын орун басары Октябрь Урмамбетов, президенттин Ош облусундагы өкүлү Элчибек Жантаев, Ош облустук жана шаардык ички иштер башкармалыктарынын жетекчилери катышты.

Министр Ниязбеков белгилегендей, коомдук коопсуздукту камсыздап, кылмыштуулукка каршы күрөшүү үчүн эң алгач мыкты шарттар жана заманбап мүмкүндүктөр түзүлүшү керек.

"Мына ушул талаптарды эске алып, урматтуу президентибиз Садыр Жапаровдун жеке тапшырмасынын негизинде, Ош облустук ички иштер башкармалыгына жана Күзөт кызматына 25 даана жаңы үлгүдөгү автоунааларды тапшырып жатабыз.

Сиздерге тапшырылган каражаттарга аяр мамиле жасап, элге тынч жана коркунучу жок жашоо шартын түзүүгө пайдаланып, элдин милицияга болгон ишенимин жогорулатууга карата иш алып барыңыздар. Өлкөбүз жана коомубуз үчүн аткарып жаткан иишиңиздерге ийгиликтерди каалайм. Бүгүнкү алган унаалардын сапары байсалдуу болуп, элибиз үчүн кызмат көрсөтсүн демекчимин", - деди Улан Ниязбеков.

ИИМдин жетекчилиги унаалардын ачкычтарын тапшыруудан кийин, коноктор менен бирге унааларга кароо жүргүзүштү.

Иш-чараны сапка тизилген милиция кызматкерлери салтанаттуу жүрүш менен аяктады.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх