Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Бишкекте мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эл аралык конференция өтүүдө

“Бүгүнкү өнөктөштүк – эртеңки гүлдөп өнүгүү”

Бишкекте бүгүн III мамлекеттик-жеке өнөктөштүк боюнча эл аралык конференция өтүүдө.

Уюштуруучулардын маалыматына караганда, конференция Кыргызстандагы жана Борбор Азия чөлкөмүндөгү мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн актуалдуу көйгөйлөрүн жана өнүгүү келечегин талкуулоого арналган. Ошондой эле мамлекет менен бизнестин өз ара аракеттенүүсүн бекемдөөгө багытталган жаңы стратегияларды иштеп чыгууга жана конструктивдүү диалогго аянтча болуп берет.

Иш-чара мындан тышкары, Кыргызстанда мамлекеттик-жеке өнөктөштүк борборунун түзүлгөндүгүнүн 5 жылдыгына карата уюштурулууда жана “Бүгүнкү өнөктөштүк – эртеңки гүлдөп өнүгүү” урааны астында өткөрүлүүдө.

Иш-чаранын негизги багыттарына санариптештирүү жана инновациялар, экологиялык туруктуулук, социалдык көйгөйлөрдү чечүүдө мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн ролу, туруктуу өнүгүү максаттарына жетүү жана башкалар кирет.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх