Menu
RSS

Биз социалдык тармактардабыз:

TwitterFacebookYoutubeInstagramTelegram

Кыргызстанда жаңы жылдан баштап ОСАГО полиси жокторго айып салынат

ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу

2025-жылдан тарта автотранспорттун милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими жокторго айып салынат. Бул тууралуу Финансы рыногун жөнгө салуу жана көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынан билдиришти.

Маалыматка ылайык, айыптын өлчөмү 3 миң сом. Юридикалык жактардын унаалары үчүн бул норма 2023-жылдын 1-апрелинен бери иштеп келет. Аларга милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө келишими жок болгону үчүн 13 миң сом айып каралган.

Маалымат үчүн: ОСАГО — автоунаа ээлеринин жарандык-укуктук жоопкерчилигин камсыздандыруу. Бийлик автоунаасын камсыздандырбаган айдоочуларга мурда айып салууну пландап, бирок улам жылдырып келген. Акыркысы 2025-жылга чейин узартылган.

Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз
Ой-пикир кошуңуз


Наверх