Транспорт министрлигинде 9 айдын жыйынтыгы чыгарылды
Иш-чаранын жыйынтыгы менен алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасы коюлду
Күн мурун Транспорт жана коммуникациялар министрлигинде министр Абсаттар Сыргабаевдин төрагалыгы астында 9 айдын жыйынтыгын чыгарган коллегия өттү.
Ведомстводон маалымдашкандай, күн тартибине жалпы 5 маселе коюлду. Тагыраагы, министрликтин жалпы отчету, Жол чарба департаментинин, “Өндүрүштүк-инновациялык борбор” мамлекеттик мекемесинин жана Жол фондунун 9 айда аткарган жумуштары менен төртүнчү кварталга койгон милдеттери жана жарандардын кайрылуулары менен аткаруу тартиби тууралуу баяндамалар жасалды.
Иш-чаранын жыйынтыгы менен жумушунда жакшы көрсөткүчтөргө жетишпеген жетекчилерге сөгүш, тартиптик жаза, эскертүү жана оозеки эскертүү берүү маселелери каралып, алдыга коюлган милдеттерди так жана өз убагында аткаруу тапшырмасы коюлду.