Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунда чектөө алынды. Жол ачык
Ош облусунун Алай районунда кар жаап, бороон болгонуна байланыштуу унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген
Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунда чектөө алынды.
Өзгөчө кырдаалдар министрлигинен билдиришкендей, аба ырайы турукташкандыгына байланыштуу аталган унаа жолдогу чектөө алынды.
Белгилей кетсек, Ош облусунун Алай районунда кар жаап, бороон болгонуна байланыштуу, кырсыктардын алдын алуу, жарандардын кырсыкка кабылуусуна жол бербөө жана жол тыгындарын болтурбоо максатында, саат 12:00дөн тартып Ош – Сары-Таш – Эркечтам унаа жолунун 184-чакырымынан 250-чакырымына чейин (Сары-Таш айылынан Нура айылына чейин) унаалардын бардык түрүнө убактылуу чектөө киргизилген.
Бизди Телеграм каналыбыздан окуңуз